Кыргыз-Кытай факультети менен Шанхай Хуадун педагогикалык университинин Эл аралык билим берүү факультетинин ортосунда онлайн жолугушуу өттү

2022-05-23 10:26:44 210

17-май күнү саат 13:30да ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети менен Шанхай Хуадун педагогикалык университинин Эл аралык билим берүү факультетинин ортосунда онлайн жолугушуу өттү. Жолугушуу учурунда эки тараптын жетекчилери тарабынан көмөктөшүү маселелери талкууланып, лингвистика багыты боюнча(бакалавр) “2+2”, жана магистратура баскычында “1+1” кош дипломдук эл аралык билим берүү жаатында биргелешип иштөө демилгеси көтөрүлдү. Натыйжада таалкуланган маселелердин ишке ашуусу үчүн дагы бир нече жолугушуунун мөөнөтү белгиленди. Кошумча маалымат берип өтсөк Шанхай Хуадун педагогикалык университети педагогикалык билим берүү тармагында Кытайдын эң ири жана алдыңкы окуу жайлардын катарына кирет.