Илим-жумалыгынын алкагында «Кытай таануу илиминин актуалдуу маселелери» аттуу кече болуп өттү

2022-05-20 14:49:49 177

Бүгүн 16-май күнү Кыргыз-Кытай факультетинде Илим-жумалыгынын алкагында «Кытай таануу илиминин актуалдуу маселелери» аттуу кече болуп өттү. Бул иш-чарага Ош МУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.М.Анарбаева жана факультетти жетектеген деканы Т.К.Айтикеев баш болуп, агай-эжекелер, студенттер катышышты. Ошондой эле Ош МУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.М.Анарбаева иш-чараны ачып ийгилик каалады. Аталган илимий иш-чарада жети студент баяндамаларын окушуп, угуучулардын кызыккан суроолоруна да жооп узата алышты. Белгилей кетсек, бул пландагы экинчи иш-чара. Илимий жуманын алкагында болгон биринчи иш чарабыз 2022-жылдын 11-май күнү Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» чыгармасы боюнча III китеп окуу конкурсу болуп өткөн. Кезекте 18-май күнү өтө турган магистранттардын илимий кечесине чакырабыз!