Илим жумалыгына карата факультетибизде «Китеп окуу» сынагы болуп өттү

2022-05-20 11:04:06 231

Китеп мээнин эң мыкты машыктыруучусу. Биз китеп окуп жатканда мээ абдан маанилүү ишти жасайт – маалыматты анализдейт. Биз китептеги каармандардын жасаган ишине баа беребиз, кырдаалды аныктайбыз мына ушул аркылуу мээге таасирдүү машыгуу жасалат. Машыгуу менен биргеликте, мээ китептеги окуялар аркылуу жашоодо жаңы тажрыйбаларга ээ болот. Бүгүн 11-май күнү илим жумалыгына карата факультетибизде «Китеп окуу» сынагы болуп өттү. Сынакта Ч.Айтматовтун «Тоолор кулаганда» аттуу чыгармасы ортого алынып, студенттер арасында кызыктуу талкуу жаратты. Сынактын жеңүүчүлөрү: 1-орун (2000сом) Манасов Бектурган 2-орун (1500сом) Темирбаев Баястан 3-орун (1000сом) Нурали кызы Алина Активдүү катышкандыгы үчүн 10 адамга баалуу белектер берилди.