НАШИ УЧИТЕЛЯ И СТУДЕНТЫ В ЭЛТР

2022-05-04 14:40:38 172

Кыргыз-кытай факультетинин окутуучу волонтеру Фэн Сяосяо жана 4 курстун студенти Асилбеков Амантур ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясы тарабынан уюштурулган Көз Караш ток шоусуна катышып келишти. Көрсөтүүнүн бул чыгарылышы 21 февраль белгиленүүчү дүйнөлүк эне тил күнүнө арналып “Көп тилдүүлүк достуктун символу” деген теманын айланысында болду. Эфирдин жүрүшүндө Фен Сяосяо кыргыз жаштарынын кытай тилине болгон кызыгуусу жана студенттердин жетишкендиктери тууралуу сөз кылса ал эми Асилбеков Амантур кытай тилин үйрөнүүдөгү өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп кетти. Кыргыз-кытай факультети жалпыңыздарды келе жаткан 21-февраль эне тил күнү менен куттактап, ийгиликтерди кааламакчы. Эне тилин сүйөлү, чет тилдерди үйрөнөлү! 15.02.2022