КОНОК ЛЕКЦИЯ

2022-05-04 14:09:11 204

28.12.2021. Кыргыз - кытай факультетинде Чыгыш таануучу, эксперт Сейтек Качкынбаев студенттерге «Кыргыз-Кытай мамилелеринин перспективалары» аттуу лекция окуду. Иш чара оффлайн жана онлайн форматта уюштурулуп, магистранттар учун да катышууга мумкунчулук жаралды. Сейтек агай эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташуусуна кенен талдоо жүргүздү. Кыргызстан учун пайда алып келе турган долбоорлор боюнча ой бөлүшүү менен бирге билим берүү тармагындагы кызматташууга да токтоло кетти. Лекция кызыктуу суроо жооптор менен аяктады. Иш чаранын аягында Сейтек агай студенттерге мыкты адис болуп жетишүү үчүн керектүү кеңештерди берди жана студенттерге келечекте өз ишинин мыктысы болууну каалап кетти.