10 МЫКТЫ СТУДЕНТКЕ СТИПЕНДИЯ

2022-05-04 14:01:11 220

23.12.2021ж Кыргыз - кытай факультетинин « Декандык бал» жаны жылдык иш чарасында стейкхолдерлер: Кыргызстандагы кытайлык ишкерлерди колдоо борбору, Кыргызстандын түштүк аймагындагы кытайлык ишкерлердин соода палатасы жана башка кытайлык ишкерлер факультеттин эң мыкты окуган 10 студентине 10 000 сомдон өлчөмүндө стипендияларды тапшырышты. (Тизме) Стейкхолдерлер кеченин жалпы катышуучуларын жаңы жыл майрамы менен куттуктап факультеттин эмгек жамаатына чыгармачыл ийгиликтерди, студенттерге окууларында жаны бийиктиктерди багындырууну каалап кетишти. Бул иш чарага Ош мамлекеттик университетинин студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Артыкова Жылдыз Абдисаламовна катышып ККФнын акыркы жылдардагы жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып өттү. Проректор сөзүн улай билим берүү тармагына колдоо көрсөткөн стейкхолдерлерге ыраазычылык билдирүү менен бирге келе жаткан жаңы жыл Кыргыз-кытай факультети үчүн жаңы жетишкендиктердин жылы болуусун каалады.