2-декабрь. ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган жаңы жылдык салтанат.

2015-03-12 15:55:43 478

      2-декабрь күнү Ош улуттук дарама театрында Конфуций институту тарабынан ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жаңы жылдык кече өткөрүлдү. Кечеге өлкөбүздүн ар областтарынан коноктор, КЭРдин Ош шаарындагы элчилигинен өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана шаарыбыздын тургундары күбөболушту. Майрамдык салтанат ОшМУнун ректору, профессор, ф.и.д. Исаков К.А. сөзү менен башталып, студенттерге болгон кайрылуусунда ректор жылуу каалоо тилектери менен бирге Конфуций институтунун алып бара жаткан ишмердүүлүгүнө, жетишкендиктерине жана алдыдагы пландарына токтолуп кетти.       Майрамдык салтанат кыргыз жана кытай элинин салттык бий, ыр, музыкалык аспаптар, элдик ооз-эки чыгармачылык өнөрлөрөн чагылдырган номерлер менен коштолуп көрүүчүлөргө өзгөчө майрамдык маанай тартууланды. Өзгөчө КЭРден келген волонтер-мугалимдердин «Манас» эпосунан үзүндү аткаруулары көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Майрамдык кечеден соң студенттер жана мугалимдер үчүн Лас Вегас ресторанында сый-тамак уюштурулду.