24-октябрь. Конфуций институту ОшМУнун 75 жылдык мааракесинде.

2015-03-12 12:18:31 438

      24-октябрь ОшМУнун 75-жылдык салтанатына Конфуций институтунун окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты. ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамааты Конфуций институтунун материалдык-техникалык базасы, студенттердин окуу процесси жана жаңы ачылган лингафондук кабинет менен таанышып кетишти. А. Сүйүнбаев атындагы стадиондо мааракеге арналган парадда Конфуций институтунун мугалимдери жана студенттери Кытай элинин улуттук символикаларын, салттык кийимдерин, кытай маданиятына таандык оюн-зоокторун чагылдыруу менен өзгөчөлөнүп турушту.