Кытай тилинин маданияттар аралык баарлашуудагы орду

2021-04-29 10:25:45 293

ККФнын жыйындар залында «Кытай тилинин маданияттар аралык баарлашуудагы орду» аталышындагы илимий семинар болуп өттү. Онлайн жана оффлайн форматындагы бул семинарга факультеттин окутуучулары,студентттери жана Синьцзян педагогикалык университетинен коноктор катышышты. Семинардын жүрүшүндө Синьцзян педагогикалык университетин профессору Лю Хунюй «Кытайдын аймактардагы маданий айырмачылыктары жана Кытайдагы чет элдик студенттер көңүл буруучу маселелер» аталышындагы баяндама жасады. Ал эми кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучу-волонтеру Ли Сяннин кытай иероглифтерин жазуу эрежелери тууралуу баяндама жасап өттү. Катышуучулардын суроолору менен кызуу талкуу жүрүп иш чара өз максатына жетти.