21 – февраль «Бүткүл дүйнөлүк Эне тил» күнү.

2015-02-24 13:15:23 468

    20 - февраль күнү ОшМУнун Конфуций институтунда 21 – февраль «Бүткүл дүйнөлүк Эне тил» күнүнө карата “Улут жүзү – улуу тил” аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Негизинен кече кыргыз жана кытай элдеринин ыр-бийлери меен коштолуп, жогорку деңгээлде болду. Уюштуруучулар мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары К. Маданова жана Ж. Атамоваларга Конфуций институтунун директору Т. Айтикеев тарабынан ыраазычылык билдирилди.