ККФ ДЕКАНЫНЫН ЖАНЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

2020-12-31 14:48:52 309

Кадырлуу кесиптештер жана студент достор! Сиздерди саналуу мүнөттөрдөн кийин кирип келген 2021-жаңы Уй жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы жыл жалпыбызга тынччлыкты, аманчылыкты, үй-бүлөбузгө бакыт таалай, элибизге ынтымакчылыкты, токчулукту алып келген акжолтой ийгиликтердин жылы болсун. Жараткан колдоп, ийгиликтер коштогон берекелүү жыл болсун. Кыргыз-Кытай факультети биримдикте, ынтымакта чыгармачылык менен ишенимдүү ийгиликке жетишине жараткан колдоо көрсөтсүн. Жалпыңыздарды 2021- жаңы жылыныздар менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерди терең Урматтоо менен Кыргы-Кытай факультетинин деканы Т.К. Айтикеев.