ОшМУнун 80 жылдыгы белгиленди

2020-10-18 17:18:55 338

ОшМУ өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаалга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жакындан жардам көрсөтүүсүн улантууда Бүгүнкү эпидемиологиялык кырдаалда өлкөбүздөгү бейтапканаларда орундардын жана анда иштегенге медицина кызматкерлеринин жетишпестиги чоң көйгөйгө айланып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. ОшМУда эмгектенген врачтар да өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга каршы күрөшүүдө ак халатчандардын катарларында алдынкы сапта туруп элибизге кызмат көрсөтүп жатышат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жалпысынан ОшМУда эмгектенген 30дан ашуун врачтар обсервацияларда, 20дан ашуун врачтар изоляцияларда, 30дай врачтар кабыл алуу пункттарында/ыкчам штабдарда, 300дөн ашуун врачтар түрдүү медициналык мекемелерде иштеп жатышат. Ошондой эле ОшМУнун 6 студенттик жатаканасы, бир медициналык клиникасы март айынан бери обсервация катары пайдаланылып келди. Бүгүнкү күндө медициналык клиника толугу менен covid-19 вирусу менен илдетке кабылгандарды даарылоочу 40 орундуу бейтапкананын функциясын аткарып жатат. Эми университеттин жетекчилиги ОшМУнун 5 жатаканасын covid-19 вирусу менен илдетке кабылгандарды даарылоочу стационардык бейтапкана катары кайра түзүүнү колго алып, бейтаптар үчүн шарттарды түзүү иштерин жүргүздү. Учурда 500 орундуу бейтапкана даярдалып, анда иштегенге ОшМУдан окутуучулар, ординаторлор, студенттер тартылды. Эртең 2020-жылдын 7-июлунан тартып бул бейтапкана шаардагы оорулууларды кабыл алып баштайт. Шаарыбыздагы жана облустун аймактык бейтапканаларындагы медициналык адистердин жетишсиздигин чечүүгө жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде медициналык адистердин резерв тизмеси түзүлдү. Бул тизмеге 35 врач-окутуучулар, 120 ординаторлор, 70 медицина факультетинин 6-курсунун студенттери, 10 медайымдар жазылды. Алар үчүн ОшМУ 2020-жылдын 6-июлунан тартып Covid-19 вирусу чакырган илдетке каршы күрөшүү боюнча кесиптик квалификациясын жогорулатуу вебинарларын уюштуруп баштады. ОшМУнун ректору, ф.-м.и.к., профессор К.Г.Кожобеков бул тизме менен эле чектелбестен, ОшМУда эмгектенип жаткан бардык медициналык квалификациясы бар кызматкерлери үчүн Covid-19 вирусу чакырган оорууга каршы күрөшүү боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу вебинарлары мындан ары да уюштурулуп, өлкөбүздө жаралган оор кырдаалга байланыштуу маселелерди чечүүгө кадрдык, материалдык жана моралдык жардамдарды көрсөтүү улантыла бере турганын айтты.Ошондой эле “ОшМУнун калың жамааты атайын элсом электрондук капчыктарын уюштуруп, ага колдон келген акчалай жардамдарын которуп башташты. Бул чогулган акчага Ош шаарындагы Covid-19 вирусу чакырган илдет менен ооругандарды дарылап жаткан мекемелерге кычкылтек концентраторлорун сатып берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жакынкы күндөрдө бул аппаратка муктаждык жогору болуп жаткан бейтапканаларга алып барып беребиз”, -дейт окуу жайдын жетекчиси өз сөзүндө.