Конфуций институтунда мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил – улуттун жүзү, достуктун күзгүсү” аттуу мелдеш уюштурулду.

2014-10-16 14:50:41 437

  Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институтунда мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил – улуттун жүзү, достуктун күзгүсү” аттуу мелдеш уюштурулду.     Мелдешке “Санжыра” жана “Мурас” деген аталыштагы институтта билим алып жаткан кытай таануу жана котормо жана котормо таануу адистигинин 2-курсунун студенттеринен куралган командалар таймашышты.     Саламдашуу, тил маселесине байланышкан сахналык көрүнүш, көркөм окуу, кыргыз бийи, обондуу ырлар, кыргыздын улуттук аспаптарынын коштоосунда ырдоо сыяктуу тапшырмаларда өз чеберчиликтерин көрсөтүшкөн командаларга Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев, мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Жыпаргүл Айтибаева, мамлекеттик тилди окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Нурбек Жумаевдер калыстык кылышты.     Жыйынтыгында командалардын упайлары тең чыгып, катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.     Белгилей кетсек, майрамдык кече мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Маданова Кызбурак жана Атамова Жамилалар тарабынан уюштурулду.