“Жаңы кылым ” илимий ийрими

2019-04-23 17:55:46 605

23-апрель куну факультетте илим жумалыгынын ачылышы болду. Илим жумалыгын улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Ош Мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналып “Жаңы кылым” деген аталышта илимий ийримдин ачылышы болду. Жана “XYZ муундардын теориясы” деген темада илимий презентация болуп өттү. Илимий ийримдин ачылыш максаты: Студенттердин илимий актуалдуулугун өнүктуруу. Илимий макалаларды жазуусун өнүктүрүү Илимий презентациянын максаты: • Z муундарынын баалуулуктары • Z муундагы балдарды кантип окутуу • Жаштарды адамгерчиликке,чынчылдыкка,боорукер жана тырышчаак болууга ундоо. Илимий семинарга факультеттин окутуучулары жана студенттери катышты.Жалпысанан 3-жана 4-курстун студенттери катышты. Илимий семинарды ачып беруу учун Кыргыз Кытай факультетинин кытай котормо таануунун орто кесиптик билим берүү кафедрасынын башчысы т.и.к.,доценти Султанбаева М.Дж.соз суйлоду. Андан кийин Кыргыз Кытай факультетинин Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы ф.и.к.,доценти Манашов М.Э. сөз сүйлөдү. “Жаңы кылым ” илимий ийрими боюнча студенттерге кенен маалымат берилди. Жана макала жазган студенттер ийримге тандалып алынды. Андан кийин Кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы ф.и.к.,доценти Манашов М.Э. “XYZ муундардын теориясы” деген темада илимий презентацияны өткөрүп илим жагынан тааныштырып кетти. Үч муундун айырмасын айтып ар бир муун жөнүндө маалымат берип кетти. Презентациянын соңунда студенттер суроолорду берип талкуу жүргүзүлдү.