01.09.2014 ж. Конфуций Институтунда Билим майрамы

2014-10-15 14:22:21 558

      Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 5 факультеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы “Билим күнүнө” карата уюштурулган жыйын болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.       ОшМУнун окутуучулук-профессордук курамын жана студент болуу бактысына ээ болуп, университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди билим майрамы, күнү кече мамлекетибиздин бардык аймактарында чоң салтанат менен белгиленген Эгемендүүлүктүн 23 жылдыгы менен куттуктаган ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 2014-2015-окуу жылына карата кайрылуусу менен тааныштырды. “Жаңы окуу жылыбыз Ош мамлекеттик университети үчүн өзгөчө тарыхый, мааниси чоң жыл. Ушул окуу жылдын 22-23-октябрларында Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык даңктуу маарекесин белгилейбиз.       Бул маареке – 75 жылдан берки билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо сапарында мамлекетибизге сиңирген эмгегибизди көрсөтүп, эл журт алдында эсеп-кысап берчү күн болот. Андыктан баарыбыз бул маарекеге маани берип, эл алдында жамаатыбыздын жүзү жарык болушуна аракеттенели, салым кошолу”- деп башталган кайрылуусунда өткөн окуу жылындагы жасалган иштер, жетишкен ийгиликтер тууралуу айтуу менен жаңы окуу жылындагы алдыдагы жасалчу иштерге өзгөчө басым жасап, студент, окутуучу, кызматкерден тартып ар бирибиз өзгөрүүнү жана өнүгүүнү өзүбүздөн баштап, ой-жүгүртүүбүздү, ишке жана бири-бирибизге карата болгон мамилебизди өзгөртпөсөк, анда олуттуу өнүгүүнү камсыз кыла албайбыз деди.       Сөзгө Конфуций Институтунун директору Т. Айтикеев да чыгып студенттерди татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болуусуна тилектеш экендигин айтты.