КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫНЫН НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТООСУ

2019-03-21 11:46:25 551

Кадырлуу кыргыз элим! Урматтуу кесиптештер жана студент достор! Сиздерди Кыргыз элинин жаны жылы болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Нооруз – күн менен түндүн жазгы теңелүү күнү, жаңы күн. Жер жарылып чөп чыккан, желин айрылып сүт чыккан мезгил. Бабалардын улуу салтын, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен кыргыздар азыр да көпчүлүк Чыгыш элдери сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат. Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленип, бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу. Эмгек жамаатыбызда ар дайым ынтымакчылык ыроолоп, ишибиз илгери болуп, Кыргызстаныбызга пайдасы тийип, эл үчүн, жер үчүн эмгек кылчу жаратман жаштарды тарбиялоодо колдон келишинче мээнет кылмакчыбыз. ОшМУнун 80 жылдык маарекесине арналган ар кандай маданий илимий иш чаралар өткөрүү биздин 2019-жылга милдет. ОшМУнун дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине сапар алганы, сапаттуу билим бурүүнүн кепилдиги эмеспи. Ош МУнун анын ичинде биздин факультеттин алдыга карай көкөлөп учушу ар бирибиздин милдетибиз жана сыймыгыбыз. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин! Сиздерди терен урматтоо менен ККФнын деканы Айтикеев Т.К.