8 - МАРТ АЯЛДАР ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ МЕНЕН ДЕКАНДЫН КУТТУКТООСУ

2019-03-07 12:43:49 621

Урматтуу асылзаада айымдар, ардактуу эжекелер! Сиздерди 8 - март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Жаздай жаркыраган бул күн дүйнөдөгү эң асыл жан - Энелерге, эң назик жан - Аялзатына таандык. Ар бир үй-бүлөнүн бакыты, бакубат жашоосу Айымдардын колунда. Анткени, баарыбыз бул дүйнөгө эне мээриминен, анын аалам көтөргүс улуу мээнетинен келгенбиз... «Эне» - деген ыйык сөзгө таазим этүү менен Сиздерди 8 - март Айымдардын майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр калаайм. Турмуштун улуу көчүн мындан ары да улай беришиңизге чын дилимден тилектешмин. Сиздерди терен урматтоо менен, ККФнын деканы Айтикеев Токтосун!