14-февраль "Китеп белек берүү" күнү белгиленди

2019-02-15 19:42:33 498

14-февраль "Китеп белек берүү" күнү деп Кыргызстандын жаштары демилгелеп жатат. Бул багытта бүгүн ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, буга чейин уюштурулган китеп окуу боюнча эссе сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Ошондой эле аталган факультеттин окутуучулары тарабынан даярдалган HSK боюнча китебинин кытайча-кыргызча-орусча сөздүгүнүн (мисалдары менен) ачылышы болду. Үч китептен турган сөздүк 1000 нускада жарык көргөн. Ушул эле иш чаранын алкагында Ч.Айтматов атындагы окуу залы да ачылды. Бул окуу залына факультеттин окутуучулары, студенттери китеп белек кылышты. Эми бул окуу залдан сабактан сырткары убакта студенттер пайдаланып, билимдерин тереңдетишмекчи. ОшМУнун ректоратынан проректорлор Түмөнбай Колдошов, Сабыр Арстановдор да катышып, ректораттын жана жеке өздөрүнүн атынан китептерди тартуулашты.