КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ: №14 К. Алтыбаев о.м.

2019-01-23 10:09:45 484

Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде жыл сайын январь айында мектеп окуучулары үчүн «Кышкы лагерлер» уюштурулуп келет. Бул жылы да январь айында студенттер үчүн кышкы эс алуу мезгили жүрүп жаткан учурда Ош шаарындагы мектептер менен тыгыз иш алып барып, кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү. Жалпы факультеттин профессордук-окутуучулук курамы биргеликте даярдык көрүп Кыргыз-Кытай факультетинде 22-январда Ош шаарынын № 14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүн тосуп алышты. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев ОшМУнун 80 жылдык бай тарыхы, Кыргы-Кытай факультеттин ийгиликтерин айтып, билим алуунун шарттары, гранттык негизде билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөр боюнча кеңири маалымат берди. Ал эми Кытай таануу жана кытай тили кафедрасынын башчысы, доцент Мирлан Манашов окуучуларга кытай таануу, лингвистика адистиктери тууралуу баяндады. Ошондой эле келген мектеп окуучуларын тиешелүү факультеттин окутуучулары факультеттин заманбап окуу корпусу, спорттук залы жана лингфондук кааналары менен тааныштырышты. “Кышкы лагердин” алкагында мектеп окуучуларына ар кандай конкурстар уюштурулуп, оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө эстелик белектери берилди. Бул иш чара дагы башка мектептерде да уланууда. Лагерлерди уюштуруудагы негизги максат мектеп окуучуларын университет, факультет менен жакындан тааныштыруу, келечекте кесип тандоосуна багыт берүү, билимди жогорулатуучу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүү, алардын жан дүйнөсүндөгү шык-жөндөмдөрүн алып чыгуу болуп саналат.