КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ: № 52 орто мектеби

2019-01-21 17:41:45 443

Бүгүн 21-январь 2019-жылы ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2019 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралардын графиги түзүлүп, графиктин негизинде Ош шаарындагы алдыңкы мектептептин окуучулары ОшМУ жана Кыргыз-Кытай факультети менен таанышып чыгууда. ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин кесипке багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2019-жылдын 21- январь күнү Ош шаарынын №52 Бекмамат Осмонов атындагы Кыргыз-Түрк достугумектептебинин 11 - классынын бүтүрүүчүлөрү кесипке багыттоо боюнча жолугушуулар уюштурулду. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Т. Айтикеев мектеп окуучуларына Ош МУнун тарыхы, факультеттин тарыхын тааныштырып, КЭРде окуунун шарттары тууралы айтып берди. Ал эми Кытай таануу жана кытай тили” кафедрасынын башчысы, доцент М.Манашов окуучуларга “Кытай таануу”, “Лингвистика” адистиктери боюнча кеңири маалымат берди. Кыргыз-Кытай факультетинин тарбия иштери боюнча орун басары Каримов Гиесидин жана ККФнын окутуучулары Суранчиев Бекболсун, Бакыт уулу Дастан Кыргыз-кытай факультетинин №52 мектеби боюнча куратору Манашов Мирлан окуучуларга факультеттин заманбап окуу корпусун, спорттук залы жана лингфондук кааналар менен таанышып чыгышты. Мектеп окуучуларына ар кандай конкурстар уюштурулуп, оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.