КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ: № 28 Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдар лицей мектеп интернаты

2019-01-19 17:05:24 497

Бүгүн 19-январь 2019-жылы ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2019 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралардын графиги түзүлүп, графиктин негизинде Ош шаарындагы алдыңкы мектептептин окуучулары ОшМУ жана Кыргыз-Кытай факультети менен таанышып чыгууда. ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин кесипке багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2019-жылдын январь айында Ош шаарынын № 28 Уркуя Салиева атындагы таланттуу балдар лицей мектеп интернатынын бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен кесипке багыттоо боюнча жолугушуулар уюштурулду. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Т. Айтикеев мектеп окуучуларына Ош МУнун тарыхы, факультеттин тарыхын тааныштырып, окуучуларга “Кытай таануу”, “Лингвистика” адистиктери боюнча кеңири маалымат берди. Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу жана № 28 У. Салиева атындагы таланттуу балдар лицей мектеп интернаты боюнча куратору Абдылдаева Гульшан Абдисаматовна окуучуларга факультеттин заманбап окуу корпусун, спорттук залы жана лингфондук кааналар менен таанышып чыгышты. Мектеп окуучуларына ар кандай конкурстар уюштурулуп, оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди. Келген окуучулар да өз өнөрлөрүн көрсөтүп, ырдап, бийлеп, факультет тарабынан уюштурулган конкурстарга өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү.