КЕСИПКЕ БАГЫТ БЕРҮҮ: №3 Ломоноcов

2019-01-19 16:51:51 415

Бүгүн 17-январь ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2019 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралар болуп өттү. ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин кесипке багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2019-жылдын 17-январь күнү Ош шаарынын №3 Ломоноcов атындагы гимназия мектебинин бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен кесипке багыттоо боюнча жолугушуулар уюштурулду. Бүтүрүүчүлөр Кыргыз-Кытай факультетине келип, Бакалавр тепкичинин “Кытай таануу”, “Лингвистика” жана ортокесиптик билим берүү багыты боюнча “Котормо иши” адистиктери боюнча 9 –класстын жана 11-класстын окуучуларына кеңири маалымат алышып, факультеттин заманбап окуу корпусу, спорттук залы жана лингфондук кааналар менен таанышып чыгышты. Мектеп окуучуларына ар кандай конкурстар уюштурулуп, оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.