АЧЫК ЭШИК ЖУМАЛЫГЫ: № 6 А.С. МАКАРЕНКО МЕКТЕБИ

2019-01-18 16:28:17 412

Бүгүн 15-январь 2019-жылы ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 2019 - окуу жылындагы кесипке багыт берүү боюнча иш – чаралар болуп өттү. ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин кесипке багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2019-жылдын 15-январь күнү Ош шаарынын № 6 А.С. Макаренко атындагы орто мектептебинин бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен кесипке багыттоо боюнча жолугушуулар уюштурулду. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Т. Айтикеев мектеп окуучуларына Ош МУнун тарыхы, факультеттин тарыхын тааныштырып, КЭРде окуунун шарттары тууралы айтып берди. Ал эми Кытай таануу жана кытай тили кафедрасынын башчысы, доцент М.Манашов окуучуларга “Кытай таануу”, “Лингвистика” адистиктери боюнча кеңири маалымат берди. Окуучуларга ККФнын окутуучусу, факультеттин Макаренко мектеби боюнча куратору Абдыкаарова Турдукан факультеттин заманбап окуу корпусу, спорттук залы жана лингфондук кааналар менен таанышып чыгышты. Мектеп окуучуларына ар кандай конкурстар уюштурулуп, оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.