ККФ ДЕКАНЫНЫН ЖАНЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

2018-12-31 13:48:50 463

Кадырлуу кесиптештер жана студент достор! Сиздерди саналуу мүнөттөрдөн кийин кирип келген 2019- жаң жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жаңы жыл жалпыбызга тынччлыыкты, аманчылыкты, үй-бүлөбузгө бакыт таалай, элибизге ынтымакчылыкты, токчулукту алып келген акжолтой ийгиликтердин жылы болсун. Жараткан колдоп, ийгиликтер коштогон берекелүү жыл болсун. 2018-жыл Ош МУ жана Кыргыз-Кытай факультети үчүн ийгиликтин жылы болду. 2018-окуу жылында эн негизги жетишкендигибиз Кыргыз-Кытай факультети “Котормо иши”, “Лингвистика” жана “Кытай таануу” багыттары боюнча билим берүүнүн кепилдиги болгон көз карандысыз эл аралык акредитациялык уюмдар тарабынан бааланып, сапаттуу билимдин кепилдиги берилди. Өтүп бара жаткан жылда “Котормо иши” орто кесиптик адистиги өзүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарды жана анын ичинен 25 студент Лингвистика багыты боюнча бакалаврга тапшырды. 2018-2019 окуу жылдына Кыргыз-Кытай факультети “Лингвистика багытына “алгачкы магистрлерди кабыл алды. ККФнын кулачы кенейип “Кытай котормо таануунун орто кесиптик билим берүү” кафедрасы ачылды. Жаңы 2019-жылда аткарыла турган айкын максаттар коюлуп, албан иштерди пландаштыруудабыз. Кыргыз-Кытай факультети биримдикте, ынтымакта чыгармачылык менен ишенимдүү ийгиликке жетишине жараткан колдоо көрсөтсүн. Жалпыңыздарды 2019- жаны жылыныздар менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерди терең Урматтоо менен Кыргы-Кытай факультетинин деканы Т.К. Айтикеев.