Практика боюнча семинар

2018-12-25 09:11:31 473

Өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин 2018-2019-окуу жылындагы бекитилген иш-чарасынын 10-пунктунун негизинде Кыргыз-Кытай факультетинин практика боюнча жооптуу окутуучусу Мамат кызы Клара “Студенттерди практикада адистикке калыптандырууда окутуунун натыйжаларын жана баалоо критерийлерин өндүрүш менен биргеликте өткөрүү” аттуу семинарын факультеттин жетекчилиги менен биргеликте өткөрдү. Семинардын максаты: студенттердин өткөрүлгөн практикаларын жыйынтыктоо; ийгиликтүү лингвисттин, кытай таануучунун жана котормочунун сапаттарын көрсөтүү; студенттердин профессионалдык компетенцияларынын практикада колдонгондугун көрсөтүү болду. Семинардын тапшырмасы: практика учурундагы студенттердин отчетторун баалоо; практика убагында пайда болгон маселелерди ачуу жана ал проблемаларды чечүү болду. Семинарга “Ө мн БД” нин башчысы Т. Матикеев, ККФнын деканы ага окутуучу Т. Айтикеев, стейкхолдерлер, практика жетекчилери жана студенттер катышып өз ой-пикирлерин айтышты. “Кытай тили жана кытай таануу” кафедрасынын башчысы доц. М. Манашов “Лингвистика, Кытай таануу, Котормо иши адистиктеринин студенттеринин практика учурундагы профессионалдык көндүмдөрүн өстурүүдөгу таасири” аттуу презентация жасап, өз сөзүндө практиканын келечектеги преспективдүү пландары менен проблемаларды жоюу жолдору менен тааныштырды. Декан Т. Айтикеев факультет менен тыгыз байланышта иштеп келе жаткан ишкананын жетекчилерине студенттер менен байланышты мыкты аткаргандыгы үчүн “Ыраазычылык каттарын” тапшырып мындан ары да терең кызматташтыкта болушун каалап кетти.